24.kg
11:20, 14 января 2019, 24.kg

Кыргыз циркинин директорлук кызматына Фархад Бекманбетов талапкер болууда

А.Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик циркинин директорлук кызматына Маданият, маалымат жана туризм министринин мурунку орун басары Фархад Бекманбетов талапкер болууда. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине министрликтин басма сөз кызматы тастыктады. 

Белгилей кетсек, 2017-жылы өкмөттүн отурумунда мамлекеттик органдардын аткаруу тартибин талкуулоо жыйынтыгы боюнча Фархад Бекманбетовду кызматтан кетирүү сунушталган. Февралда милдетин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн ага сөгүш берилген. Ошол эле жылдын май айында ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков аны кызматтан бошоткон.

Маданият министри Азамат Жаманкулов циркке байланышкан суроолорго жооп берүүдөн баш тартып, басма сөз кызматына кайрылууну суранды. Ал жактан Фархад Бекманбетов өзү талапкерлигин койгондугу аныкталды.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18