24.kg
10:49, 14 января 2019, 24.kg

Ырчы Аваз Акимовдон сүйүктүүсүнө белек. Айдана Дека сулуулук салон иштетет

Ырчы Аваз Акимов сүйүктүүсү, ырчы, бийчи Айдана Декага сулуулук салонун белек кылды. Бул тууралуу жергиликтүү сайттардын бири жазды. 

Бишкекте жайгашкан салондун ачылышы 13-январда өттү.

Photo 101664

«Айдана кесибине байланыштуу ар кайсы салондорго барып боёнуп, керектүү кызматтардан пайдаланып жүрдү. Ошондой учурда «менин өзүмдүн салонум болсо» деп айтып калчу. Ал кыялын эске алып койгон элем. Ойлонсом салон ачсак кийин үй-бүлөлүк бюджетке да пайда болчудай.
Мындан улам өткөн жылдын октябрь айында салон ачып берем деп убада кылгам. Айдана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын көргөн, бирок мынчалык бат бүтөрүнө ишенбесе керек. Андыктан бүгүн абдан кубанды. Мен сулуулук дүйнөсүндөгү иштерди көп түшүнбөйм, салонду Айдана өзү иштетет, абдан мээнеткеч, жолго коюп кетерине ишенем»,  деп билдирген Аваз Акимов.

Эске салсак, өткөн жылы Аваз Акимов сүйүктүүсү Айдана экөө кыз-жигит экенин ачыкка чыгарган. Буга чейин алар коомчулукка жөн гана ага-карындаш мамиледе экенин айтып келишкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18