24.kg
09:39, 14 января 2019, 24.kg

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр берилип баштайт

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр берилип баштайт. Бул тууралуу өкмөт маалымдайт.

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жакшыртылган дизайн жана көптөгөн коргоочу элементтер менен сунушталат.

Мамлекетттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр жасалмалоого мүмкүн эмес болгон жогорку сапаттагы пластиктен жасалгандыгын билдирет.

Бул Кыргыз Республикасындагы айдоочулук күбөлүктөрдүн төртүнчү мууну болуп саналат. Анын пландаштырылган колдонуу мөөнөтү 10 жыл эсептелет.

Учурдагы айдоочулардын күбөлүгү мөөнөтү бүткүчө жарактуу саналат, ыктыярдуу түрдө гана алмаштырылат.

Ошондой эле белгилеп кетүүчү нерсе, айдоочулук күбөлүктү жана атайы бланкалык продукцияны персонификациялоо жеке компаниядан мамлекеттик мекемеге өткөрүлөт. Буга байланыштуу атайы бланкалык продукциянын наркы болжол менен 40-50%га төмөндөтүлөт, анткени, бланкалык продукцияга карата баанын түзүлүшүндө жеке компаниянын кирешеси эсептелбейт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18