24.kg
09:21, 14 января 2019, 24.kg

Владивостокто жол кырсыгында кыргызстандык жаран жабыркады

Владивостокто жол кырсыгында кыргызстандык жаран жабыркады. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 11-январда болгон. Анда 16 киши жабыркаган. Бүгүнкү күндө ооруканада 6 киши жатат, калгандары үйгө чыгарылган.

Билдирүүгө таянсак, кырсыктын болушуна себепкер «Тойота» унаасынын 23 жаштагы айдоочусу болгон. Ал туннелден чыгып баратып рулга ээ боло албай калып маршруттук автобусту сүзүп алган.

Кичи автобусту кыргызстандык жаран башкарып бара жаткан. Ал аталган аймактагы клиникалык ооруканага жаткырылды. Анын абалы оор жана туруктуу.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18