24.kg
08:34, 14 января 2019, 24.kg

ЕАЭБ алкагында өлкөгө Орусиядан аскердик-техникалык жардам келди

15-январда Бишкекте Орусиядан келген аскердик-техникалык жардамдары тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Орусия менен Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында техникалык жардам көрсөтүү боюнча 2015-жылы макулдашууга кол коюшкан.

2018-жылы 15-декабда чек арадагы бажы бекеттерин техникалык жактан жабдуу боюнча жардамдын биринчи партиясы жеткирилген. Ал жалпысынан 123 автомобилдик жана инженердик техникадан турат. Алардын арасында тоо шартында жүрчү 108 автоунаа, 2 автокран, 4 санитардык автоунаа, 2 жүктөөчү жана башка техника каражаттары бар.

Аскердик-техникалык жардамдын экинчи партиясы 2019-жылдын биринчи кварталында келери күтүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18