24.kg
16:11, 11 января 2019, 24.kg

Сооронбай Жээнбековдун штабынын «көмүскө кассасы» боюнча баштапкы тергөө аяктады

Ички иштер министрлиги президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабындагы «көмүскө касса» жөнүндө тергөөгө чейинки  текшерүүсүн аяктады. Бул ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Текшерүү учурунда президенттикке талапкердин борбордук шайлоо штабынын жетекчилери, облустук, райондук жана шаардык штаб башчыларынын жетекчилери, кызматкерлери суракка алынды. Талапкердин штабынын каржы иштери боюнча өкүлү болгон Надира Сатыгул кызы Кыргызстандын сыртына өргүүгө чыгып кеткени үчүн кайтып келгенден кийин ИИМдин Тергөө кызматына чакырылат. Ал көрсөтмө бергенден кийин жыйынтыктоочу чечим кабыл алынат», — деп айтылат расмий билдирүүдө.

Токтакуновдун айтымында, Жээнбековдун шайлоо штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 доллар иштеткен. Президенттин аппараты муну «фейк» маалымат деп мүнөздөгөн.

Коомчулукта «Тизмегейт» деп аталган бул маселенин чоо-жайы тууралуу буга чейин түрдүү аргументтер айтылып келди. Буга байланыштуу ИИМ иликтөө баштаган.



Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18