24.kg
15:48, 11 января 2019, 24.kg

Бишкек мэриясы № 5 кичирайонго өзүнүн кызматкерлери үчүн көп батирлүү үй курат

Бишкек мэриясы № 5 кичирайонго өзүнүн кызматкерлери үчүн көп батирлүү турак жай курат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган жер аянты капиталдык курулуш башкармалыгына 2012-жылы көп кабаттуу үйдүн курулушуна деп мөөнөтсүз пайдаланууга берилген.

«2018-жылы аталган башкармалык иштерди сатып алууга сынак өткөргөн. Ага 3 компания катышкан. Келишимди 123 миллион 375 миң 395 сомго «Эм Эс Билдинг» ЖЧКсы түзгөн», -деп билдиришти мэриядан.

Курулуш иштери ипотекалык-үлүштүк насыя программасы боюнча жүрүүдө. Турак жай 72 батирден турат.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18