24.kg
12:20, 11 января 2019, 24.kg

«Апамды издеп» тасмасынын уландысы Түркиянын Анталья шаарында тартылды

Режиссер Руслан Акундун «Апамды издеп» тасмасынын уландысы Түркиянын Анталья шаарында тартылды. Режиссер тасма тууралуу hurriyet.com.tr басылмасына маек бергенде айтты.

Тасманын биринчи бөлүмүндө апасын издеген Азамат аттуу бала Америкага барып, ал жактан кызыктуу окуяларга туш болот. Тилекке каршы Азамат ал жактан издеген апасын таба албай, өз мекенине кайтып келет. Режиссердун айтымында, тасманын экинчи бөлүгүндө мурунку эле каармандар роль жаратты. Бул жолу алар Түркияга келишет. Эпилепсия менен ооруган досторуна оорукана издеп жүрүп бир тасма жылдызынын аркасынан куугунга түшүшөт. Тасмада кыргыз, казак жана америкалык 4 достун окуясы баяндалат.

Белгилей кетсек, Руслан Акун «Салам Нью-Йорк», «Апамды издеп», «Көк бөрү» жана башка тасмаларда режиссерлук кылган.

«Апамды издеп 2» тасмасы 2019-жылдын 7-февралынан тарта чоң экранда көрсөтүлө баштайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18