24.kg
11:55, 11 января 2019, 24.kg

Бишкек мэриясы маршруттук каттамдардын баасын 2 сомго көтөрүүнү сунуштады

Бишкек мэриясы маршруттук каттамдардын баасын 2 сомго көтөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине маалым болду.

Эсептер монополияга каршы органга берилди.

Буга чейин «Альянс БУС» ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаиди вице-мэрге шилтеме берип, эсептерди мэрия шаардык кеңештин профилдик комиссиясынын кароосуна берди деп айткан. Бирок, турак жай чарбасы, жылуулук энергокомплекси, унаа жана байланыш боюнча комиссиянын мүчөсү Павел Десятников 24.kg агенттигине эч кандай сунуш албагандыгын билдирди.

«Бирок, жол киренин баасын эчак эле өзгөртүш керек эле, мындай бир деңгээлде кармап туруу мүмкүн эмес. 2 сомго көтөрүү жетиштүү», -деди ал.

Бүгүнкү күндө маршруттук унаалар жол кире акысы үчүн 10 сомдон, кечкисин 12 сомдон алышат. Ал эми автобус жана троллейбустар 8 сомдон алышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18