24.kg
10:58, 11 января 2019, 24.kg

Кыргыз-кытай мамилеси. Элчилик кызматка Канайым Бактыгулова көрсөтүлдү

Кыргызстандын Кытайдагы ыйгарым укуктуу элчиси кызматына ТИМдин кытай боюнча адиси Канайым Бактыгулованын талапкерлигин көрсөтүштү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жогорку Кеңештен билдиришти.

Маалыматка караганда, анын талапкерлиги эл аралык иштер боюнча парламенттик комитеттин отурумунда каралат.

Канайым Бактыгулова 2013-2017-жылдар аралыгында КЭР менен Монголияда Кыргызстандын элчиси кызматын бир убакта аркалаган.

Эске салсак, буга чейин аталган кызматта Азамат Үсөнов иштеген. Былтыркы жылдын декабрында президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен ал кызматтан кеткен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18