24.kg
08:49, 11 января 2019, 24.kg

Көк-бөрүчү Манас Ниязовдун кийими аукционго коюлду

Көк бөрүчү Манас Ниязовдун 2016-жылы II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында кийген формасы аукционго коюлду. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын «Инстаграмдагы» расмий аккаунтуна жарыяланды.

Федерация аукциондон түшкөн каражатты ушул жылдын май айында жараат алган улакчы Дастан Жакеевге жардам иретинде берет.

Ниязовдун формасына баштапкы баа 2 миң сом деп коюлган, аукциондун экинчи күнүндө 40 миң 500 сомго чейин көтөрүлдү. Аукцион 19-январда жыйынтыкталат.

Дастан Жакеев өткөн жылдын май айында «Ак кула» ат майданында өткөн Чүйдүн көк бөрү чемпионатында аттан жыгылып кырсыктап калган. Азыр ооруканада дарыланууда. Өз алдынча баса албайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18