24.kg
16:07, 10 января 2019, 24.kg

Жарандар бийлик органдарына көп кайрыла баштады

2018-жылы жарандардан 5 миң 986 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Алардын маалыматында, анын 531 президентин аппаратына, 763ү Жогорку Кеңешке, 1 миң 299у премьер-министрдин аппаратына жолдонгон. Каттардын 22 пайызы интернет аркылуу жөнөтүлгөн.

65 кат КМШга мүчө-мамлекеттерден жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген. Андан соң Чүй облусунан — 1 миң 5, Жалал-Абад облусунан 662 кат түшкөн.

2018-жылы өкмөт башчысынын коомдук кабылдамасында 274 жаран жеке маселеси боюнча болгон.

«Кайрылуучулардын негизги бөлүгү — пенсия курагындагы кары адамдар жана башка социалдык жактан корголбогон жарандар болуп саналат. Алар тараптан козголгон кайрылуулардын темасы кеңири саналып, жашоонун бардык тармактарына тийиштүү саналат», — дейт өкмөт.

Атуулдар өкмөттөн көбүнчө турак-жай маселесин чечип берүүнү өтүнөт (15,94 %). Андан сырткары, социалдык кызматтардын иши, пенсиялар, жеңилдиктер, жөлөкпулдар жана материалдык көмөк көрсөтүүнү (9,4 %), прокуратурага (6,31 %), билим берүү жана илим тармагына (6,14 %), милицияга (4,79 %), саламаттык сактоо жагына (3,96 %) арызданышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18