24.kg
15:33, 10 января 2019, 24.kg

Коопсуз шаар. Каттарды таратууга 105 миллион 102 миң сом каралган

ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы Жол кыймылынын эрежелерин бузуу тууралуу жоболордун көчүрмөлөрүн чыгарууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.
 
Оператор адресаттын жеке маалыматын кабыл алып иштеп чыгышы керек. Андан кийин жобону унаа ээсинин потча дарегин аныктап, почта бөлүмүнүн кабыл алуу пунктуна жеткириши зарыл.
 
Тендердин жеңүүчүсү тапшырыктык билдирүүнүн сакталышына жооптуу. Мындан тышкары ал түзүлгөн протоколдордун санынан тышкары баардык кызматтарды аткарышы керек. Каттарды таратууга 105 миллион 102 миң сом каралган. 13 миллиондон ашуун жобону жеткирүү пландалууда.
 
 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18