24.kg
15:13, 10 января 2019, 24.kg

Сузакта жети жаштагы бала көзүнө ок атып алды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Благовещонко айылында жети жаштагы А.С. таежесинин үйүндө тирди кармап отуруп, өзүнө-өзү ок чыгарып алган. Бул тууралуу облустук ооруканасынан билдиришти.

Дарыгердин айтымында, ок баланын оң көзүнөн кирип, кара куш мээнин сол тарабына туруп калган.

"Томографияга түшүрдүк. Абалы абдан оор. Мээнин оор абалдагы ачык жараты деп диагноз коюлду. Тирдин огун алууга мүмкүн эмес. Ал ошол ордунда кала берет. Оштон дарыгерлер чакыртылып, бир сыйра көрүп чыгышты. Азыр биринчи кезекте баланын ок кирген оң жак көзүн алып салуу керек болуп жатат. Көрбөй калды, шишип да жатат. Антпесек ириңдеп бейтап дагы кыйналат. Оштон атайын окулист чакырттык. Анын жыйынтыгына карап операция жасалат ",- деди Лачынбек Нышанбаев.

Кичинекей бейтап азыркы тапта комада жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18