24.kg
11:49, 10 января 2019, 24.kg

Кытайдын лагеринен бошотулган кыргыз жараны тууралуу маалымат такталган жок

Кытайдын кайра тарбиялоо лагеринен бошотулган кыргыз жараны Абылет Турдакун тууралуу маалымат такталган жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитетинен кабарлашты.

Алардын маалыматында, Абылет Турдакун азаттыкка чыккан эмес. Дагы эле лагерде кармалууда.

«Абылет Турдакун өзү телефон чалып, боштондукка чыкканын айткан. Бирок, бул калп болуп чыкты. Аны зордук менен телефон чалдырышкан болушу мүмкүн», — дейт комитет өкүлдөрү.

Тышкы иштер министрлиги, бул боюнча расмий маалымат жоктугун, Кытай тараптан жооп күтүп жаткандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, Абылет Турдакун 2016-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Ал 2017-жылы Кытайга барышы менен кармалып, андан бери дайынсыз. Декабрь айында байланышка чыгып, лагерден бошотулганын айткан.

Комитеттин маалыматында, бир этникалык кыргыздын лагерден бошотулганы тууралуу маалымат бар.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18