24.kg
09:18, 10 января 2019, 24.kg

Бийлик өлкөдөгү антикытай чакырыктарына кабатыр

Сокулук районуна болгон иш сапарында президент Сооронбай Жээнбеков Кытай менен мамилени бузууну каалагандардын аракети ишке ашпай тургандыгын айтты.

Президент Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга макулдашууларга ылайык кредит-гранттарды берип жатканын белгиледи.

«Проблема биздеги мамлекеттик бийликте отургандарда болуп жатат. Биз менен кызматташып жаткан, жардам берип жаткан Кытай тарапка биз рахмат айтышыбыз керек.

Мыйзамдын чегинде жоопко тартылат. Бийлик, мыйзам иштейт. Уурдабасак, элибизге каршы аракет кылбасак, корко турган эч нерсебиз жок. Баарына чара көрөбүз, кабатыр болбогула. Маселе көзөмөлдө. Органдар иштеп жатат, иштебегендер, тартип бузууга жол бергендер жооп берет», — деди ал.

Ага чейин маалымат жыйында вице-премьер-министр Кубатбек Боронов дагы 20-декабрда Бишкектеги Кытай элчилигинин алдында, 7-январда борбордук аянтта өткөн митингдер атайын эки өлкөнүн ортосундагы мамилени бузуу үчүн уюштурулуп жатканын айткан. Өкмөт өкүлү бийлик Кытай мамлекети менен мамилеге тынчсызданып жатканын белгилей өткөн.

«Өлкөдөгү кырдаалды курчутуп, эки тараптуу мамилени бузуу үчүн аракет жасаган күчтөр бар. Коомчулукту мындай чакырыктарга алданбоону суранабыз», — деди ал.

Кубатбек Боронов Кытай менен Кыргызстандын ортосунда алынган насыялардын ордуна жер бөлүп берүү келишими жоктугун белгиледи.

«Биз карыздын ордуна жер бербейбиз. Андай келишим жок. Кытай бизге кредит менен бирге, инвестиция жана гранттарды дагы берип турат», — деди ал. Белгилей кетсек, учурда социалдык тармакта 17-январда борбордук аянтта кытайлардын мыйзамсыз миграциясына каршы митинг өткөрүү чакырыгы таркатылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18