24.kg
09:12, 10 января 2019, 24.kg

Бишкек мэриясы түкүрүк үчүн кантип айыпка жыгууну чече элек

Бишкек шаарынын мэриясы түкүрүк үчүн кантип айыпка чыгуу жолдорун иштеп чыга элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине кааланын вице-мэри Рыспек Сарпашев билдирди.

Анын айтымында, 1-январдан тарта күчүнө кирген Бузуу жөнүндө кодекстин 71-беренесин ишке ашыруунун жол-жобосу каралууда.

«Азыр кантип айып пул саларыбызды билбейбиз. Жолдорун иштеп чыгып жатабыз», — деди ал.

Белгилей кетсек, аталган берене боюнча «таштандыны атайын каралган жерлерден башка жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүрүү» 5500 сом айыппул менен жазаланат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18