24.kg
08:42, 10 января 2019, 24.kg

Сириядан Казакстандын 47 жараны кайтарылды

Сириядан Казакстандын 47 жараны, анын ичинде 30 бала менен 11 аял эвакуацияланды. Бул тууралуу Акордонун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта алар Сирияга алданып барып, туткунга түшүп калганы айтылат. Казак бийлиги эвакуацияланган жарандар бир ай ичинде тиешелүү медициналык жардам аларын билдирүүдө.

2018-жылы Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышуу үчүн 800 казакстандык чыгып кеткенин кабарлаган. Комитет Сирия менен Ирактын эл аралык террордук уюмдарында казакстандык 120 эркек, 250дөн ашык аял жана 500 бала бар экенин айткан.

2018-жылы 19-декабрда Казакстандын Билим жана илим министрлиги соңку эки жылда Сириядан Казакстанга 91 бала кайтарылганын маалымдаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18