24.kg
13:50, 09 января 2019, 24.kg

Бишкекте жаңы эс алуу жайы пайда болот

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов көчмө жыйын өткөрүп, Токтоналиев жана Түштүк магистралдын кесилишинде курулуп жаткан жаңы эс алуу жайына барды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган даректе жакында жарандар үчүн жаңы эс алуу жайы пайда болот.

«Парктын аянты 17,36 гектарды түзөт. Бул жерде отургучтарды, таштандыларды таштоочу челектер, балдар үчүн чакан аянтчалар, воркаут-аянтчалар, тротуарлар жана жарыктандыруу объектилери орнотулат. Жайды куруу бир нече этапта өтөт. Куруулуш иштери ыңгайлуу аба ырайга карата башталат», — деп билдиришти мэриядан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18