24.kg
11:23, 09 января 2019, 24.kg

Кыргыз дипломаты Кытайдын Шинжаң аймагына барды

Кыргызстандын Пекиндеги элчигинин кызматкери Кытайдын Шинжаң аймагына барып, кырдаал менен таанышып келди. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Алардын маалыматында, дипломат 12 өлкөнүн өкүлдөрү менен бирге (Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикистан, Өзбекстан, Ооганстан, Индия, Индонезия, Кувейт, Малайзия, Пакистан, Таиланд) Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономдук аймагынын Урумчу, Кашкар жана Хотан шаарларына барып келишкен.

Алар бир нече социалдык мекемелерге барышып, студенттер менен баарлашкан.

Белгилей кетсек, жыл башында Кытай бийлиги журналисттер үчүн кайра тарбиялоо лагерлерин дагы көрсөткөн. Маалыматка караганда, Кытай лагерлерде зордук-зомбулук бар экенин жокко чыгаруу аракетин көргөн.

Эскерте кетсек, Кытайдагы кыргыздарды коргоо комитетинин маалыматында Шинжаңдын бир эле Акчий районунан кармалган кыргыздардын саны 20 миңдей ашат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18