24.kg
11:17, 09 января 2019, 24.kg

Кыргызстан 2019-жылы саякаттоого сунушталган мыкты өлкөлөрдүн катарына кирди

Кыргызстан 2019-жылы саякаттоого сунушталган мыкты өлкөлөрдүн катарына кирди. Братаниялык белгилүү «UNILAD» интернет-медиа компаниясы туристтер үчүн ыңгайлуу өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады.

Анда Кыргызстан төртүнчү орунда турат. Интернет-медианын буга байланыштуу жарыялаган атайын ролигинде Кыргызстан анча таанылбаган өлкө болгону менен, мында кооз жаратылыш, кол тийбеген өрөөндөр, алп тоолору жана аскалары, жайкы ажайып жайыттары бар экени айтылат.

«Бул Адамдын багындай болгон жерди туристтер сөзсүз көрүүгө тийиш», — деп сүрөттөлөт Кыргызстан жарыяланган роликте.

Тизмеде Кыргызстандан кийин Сингапур турат. Биринчи үчтүктө Перу, Япония жана Шри-Ланка жайгашкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18