24.kg
17:12, 08 января 2019, 24.kg

Түкүрүктөн «жылдызга» айлануу. Рамис Закирияев бир ай мурда youtube канал ачкан

Жогорку Кеңешти карай түкүргөн видеосун элге жарыялаган Ысык-Көл облусунун тургуну Рамис Закирияев бир ай мурда youtube канал ачып, видеоблогер катары иштей баштаган.

Видеоблогер шайлоого, жогорку окуу жайлардагы коррупцияга жана башка коомдогу көрүнүштөргө сын пикирин жарыялаган. Рамис Закирияев дипломун дагы өрттөгөн.

«Мен дипломду сатып алганмын. Эми жумушту да сатып алышым керек», — деп ал кесиби менен жумуш таба албай, дипломун пайдалана албаганын мойнуна алат.

Бирок, баардык видеолорунун ичинен түкүрүккө айып пул төлөө чарасына каршы кадамы ийгиликтүү болуп, эң көп каралып, белгилүүлүктү алып келди.

Эскерте кетсек, Рамис Закирияев түкүрүгү боюнча милицияга түшүнүк кат жазды. Анын жоопкерчилиги учурда каралууда. Тартип бузган жаранды айрым интернет колдонуучулар колдоого алып, «түкүрүк баатыр» деп аташкандары да бар.

Жаңы мыйзамга ылайык коомдук жайларда түкүргөн жарандар 5 миң 500 сомго айып пулга жыгылат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18