24.kg
16:15, 08 января 2019, 24.kg

Эл аралык кинофестивалга Кыргызстандын атынан 5 тасма катышат

Бангладештин борбору Дакка шаарында өтө турган эл аралык кинофестивалга Кыргызстандын атынан 5 тасма катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара 10-18-январь күндөрү өтөт. 7-ирет өтүп жаткан бул фестивалды «Rainbow» («Күн желеси») кино коомчулугу өткөрүүдө.

Аталган фестивалда 72 өлкөдөн келген 220 тасма бир нече сынактык программада ат салышат.

Бул эл аралык фестивалдагы негизги сынакка — азиялык тасмалардын сынагына Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры», режиссер айымдардын тасмалары катышкан бөлүктө Елизавета Стишованын «Сулайман -Тоо» жана Чолпонай Бөрүбаеванын «Өмүр» тасмалары ат салышат.

Ошондой эле фестивалда Айзада Алымбек кызынын «Өзөк», Асель Чоткараеванын «Периште» тасмалары элдин сынына коюлат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18