24.kg
08:34, 08 января 2019, 24.kg

Бишкекте 300дөй киши мыйзамсыз миграцияга каршы митингге чыкты

Кечээ Бишкектин борбордук аянтына 300дөй киши Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык мигранттарды өлкөдөн чыгарууну талап кылып митингге чыкты. Алар жаңы кабыл алынган эреже бузуу боюнча айыппулдарга нааразы экенин айтышкан.

Аянтка чыккандар эч кандай уюштуруучулары жок өз ыктыяры менен келгенин айтышты. Алар Кара-Балтадан жана Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардан келишкен.

Өткөн жылдын декабрь айында «Кыргыз чоролору» коомдук бирикмеси Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдында тынчтык митингин өткөрүп, Кытайдын Шиңжан аймагындагы тарбиялоочу лагерлерде отурган кыргыздардын абалына тынчсыздануусун ортого салган.

Буга чейин «WatsApp» аркылуу 7-январда Кыргызстандагы кытайлардын маселесине арналган митинг өтө тургандыгы жөнүндө билдирүүлөр тарап келген. Бирок «Кыргыз чоролору» аталган митингге тиешеси жок экенин билдирген.

7-январь иш күнү болбогонуна байланыштуу кийинки митинг 17-январга белгиленди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18