24.kg
14:02, 28 декабря 2018, 24.kg

Өзбекстанда мугалимди күйөөсү балталап салды

Өзбекстандын Каттакурган шаарынын тургуну жергиликтүү мектепте мугалим болуп иштеген жарандык никедеги аялын балталап салган. Жаракат алган мугалим 25-декабрь эртең менен мектептин алдында табылган. Бул тууралуу анын кесиптештери билдиришти.

Шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Жалол Суюнов кылмышка шектүү катары мугалимдин жарандык никедеги күйөөсү кармалганын билдирди.

«Шектүү 26-декабрда кармалып, ага карата камакка алуу бөгөт чарасы белгиленди. «Атайылап адамдын денесине залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Колдо бар маалыматтарга караганда, ал мындай кадамга кызганычтан улам барган», — деди тергөөчү.

Шаардык оорукананын дарыгеринин билдиришинче, учурда жаракат алган мугалим травматология бөлүмүндө дарыланууда.

«Анын бети менен муруну жабыркаган. Мындан тышкары колдорунун чыканактарында, белинде жана тизесинде терең жаракаттары бар. Эң башкысы өмүргө коркунуч келтире турган жаракаттары жок. Учурда абалы канааттандыраарлык», — деп билдирди дарыгер.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18