24.kg
10:44, 28 декабря 2018, 24.kg

Бажы кызматынын мурунку башчысы Адамкул Жунусов Бишкекке экстрадицияланды

Кыргызстандын мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасы Адамкул Жунусов Бакудан Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Аны Каржы полициясынын кызматкерлери алып келишти. 

Мекемеден билдиришкендей, декабрь айында Каржы полициясы, Башкы прокуратура жана Кыргызстандагы Интерполдун УКБсы Адамкул Жунусовду экстрадициялоо үчүн аракет көрүшкөн. Ал декабрь башында Баку аэропортунда кармалган. 

Буга чейин 2018-жылдын августунда Адамкул Жунусовго кылмыш кылгандыгы үчүн сыртынан айып тагылган. Адамкул Жунусов 2013-2016-жылдар аралыгында бажы кызматын жетектеп турганда башка мамлекеттик органдар жана жеке компаниялар менен коррупциялык байланыштарды уюштурган делүүдө.

Photo 100336

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18