24.kg
09:52, 28 декабря 2018, 24.kg

Швецияда терроризм боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандык жарандарга күнөө тагылды

Швециянын прокуратурасы терроризм тууралуу иш боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандык жарандарга күнөө такты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

3 шектелүүчүгө террордук кылмыш ишине даярдыктарды жүргүзгөн деген айып коюлду. Кармалган 6 жаран өзгөчө оор кылмыштарга каржылык жактан жардам берүү, акча которуу боюнча айыпталууда.

Маалыматка караганда, кылмыш иштери Стокгольмдун аймагында жана Стремсунд шаарында жасалган. Шектүүлөр күнөөнү мойнуна алышкан жок.

6 шектүүнүн 5өө камакта. Соттук угуулар 7-январда башталат. Буга чейин шведдик ЖМКлар ушул жылдын апрелинен окятбрга чейин полиция Өзбекстан жана Кыргызстандан келген 5 жаранды кармаганын жазып чыгышкан. Алардын бири Швециядагы 2017-жылы теракт уюштургандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган Рахмат Акилов менен байланыш бар делүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18