24.kg
09:41, 28 декабря 2018, 24.kg

Бишкектеги кара түтүн. Жол кыймылынын эрежелерине көзөмөлдү күчөтүү сунушталды

Курчап турган айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги 2019-жылга карата Бишкектин экологиялык абалын жакшыртуу боюнча кыска мөөнөттү чаралардын план долбоорун талкууга алышты. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

«Долбоордун негизги пункттарынын бири-коомдук унаалардын кыймылы үчүн өзүнчө тилке ачып, жол кыймылынын эрежелерине көзөмөлдү күчөтүү. Мыйзамсыз унаа токтотууларды текшерүүнү күчөтүү. Бишкектин борбордук бөлүгүнөн унаа тыгынын жаратпаш үчүн оптимизациялоо жүргүзүп, кичи автобустардын санын кыскартуу керек. Алардын ордун газ менен жүрө турган көп киши бата турган автобустар менен алмаштыруу зарыл. Троллейбустук парктарды көбөйтүү керек», -деп билдиришти агенттиктен.

Ведомстводон маалымдашкандай, айлана чөйрөнү булганан унаа каражаттарын учуучу аппараттардын жардамы менен көзөмөлдөш керек.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18