24.kg
09:02, 28 декабря 2018, 24.kg

Сауд Аравия өлкөнүн медицина тармагын жакшыртууга 3 миллион доллар грант берет

Сауд Аравия Кыргызстандын медицина тармагын жакшыртууга 3 миллион 797 миң доллар грант бөлөт. Аталган жардам «Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона куруу жана жабдуу» долбоорун аткарууга берилет.

Президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 3-апрелинде Тунис шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы бул гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган.

— 1 миллион 245,2 миң доллары суммасында «Ош облусунун Кара-Кулжа айылындагы жана Ысык-Көл облусунун Түп айылындагы медициналык борборлорду жабдуулар менен жабдуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун кургак учук бөлүмүн жабдуулар менен жабдуу»;

— 960 миң доллары суммасында «Кыргыз Республикасынан Сауд Аравия Королдугуна этти экспорттоо үчүн Чүй облусунда карантиндик зонаны куруу»;

— 1 миллион 440 миң доллары суммасында «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтун заманбап медициналык жабдуулар менен жабдуу».

Мындан тышкары Гранттык макулдашуунун алкагында жогоруда аталган долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн 151,8 миң доллары суммасында консультациялык жардам көрсөтүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18