24.kg
08:42, 28 декабря 2018, 24.kg

Казакстан Кыргызстанга күйүүчү май экспорттой баштайт

Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев журналисттерге маалымат берип жатып, 2019-жылы Казакстан Кыргызстанга күйүүчү май экспорттой баштай турганын айтты.

«​Өткөн аптада биз кыргыз тараптын жообун алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, азыр макулдашылган келишимдин версиясын бардык мамлекеттик органдарга жөнөттүк. Эгер жаңы жылга чейин үлгүрүп калсак, январдын биринчи жарымында Кыргызстан менен тийиштүү келишимге кол коёбуз. Эгер кол койсок февралда бензинди экспорттой баштаганга мүмкүнчүлүк ачылат. Бирок биз дизель күйүүчү майын экспорттобойбуз, себеби оболу биз чек арабызды бекемдеп, көмүскө ташылып жаткандарга бөгөт коюп, Казакстандын ичиндеги керектелип жаткан майдын көлөмүн так эсептеп чыгышыбыз керек. Биз чек арага бекеттерди коюп, экспортту көзөмөлдөөнү күчөтөбүз», — деди казак министри.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев Казакстандын рыногунда күйүүчү май ашыкча өндүрүлө баштаганын жана аны Кыргызстанга экспорттоого сүйлөшүүлөрдү ыкчам жүргүзүү керектигин айтып чыккан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18