24.kg
16:36, 27 декабря 2018, 24.kg

Бишкек жана Ош шаарларында балдар үчүн жаңы жылдык балаты уюштурулду

Бишкекте мэр Азиз Суракматов жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун катышуусунда балдардын жаңы жылдык иш-чарасы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Майрамдык салтанатка аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мектептин алдыңкы окуучулары жана аймактардан келген окуучулар катышты.

«2018-жылы республикалык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Бишкек 1-орунду алган. Сиздер -өлкөнүн келечегисиңер. Сиздер эл аралык ареналарда өлкөнүн кызыкчылыгын коргоп, укмуштуудай ачылыштарды жасап, ишкерликте, саясатта ийгиликтерге жетишип, улуу жазуучу, окумуштуу, спортчу болушуңар керек. Биздин милдет-сиздердин кадамыңыздарга жардам берүү», -деди Азиз Суракматов.

Балдарга 250 жаш артисттин катышуусунда спектакль тартууланды.

Ошондой эле жаңы жылдык балаты Ош шаарында да уюштурулду. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын балдары үчүн уюштурулган жаңы жылдык балатыга катышты. 

Photo 100245

Өз сөзүндө Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан балдарды келе жаткан 2019-Жаңы жылы менен куттуктады.

Премьер-министр Жаңы жыл  балдар үчүн алар чыдамсыздык менен күткөн өзгөчө майрам болуп саналарын белгилеп, бул майрамдын келип чыгуу тарыхы тууралуу айтып берди. 

«Мен силер жана силердин окуудагы ийгиликтериңер менен сыймыктанам. Дайыма терең билимге ээ болуп, жакшы тарбия алып, өмүр бою өз ишиңердин мыктысы болуп жүрө беришиңерди каалайм. Президентибиз Сооронбай Жээнбеков жана Премьер-министр катары – мен,  баарыбыз  силердин мектебиңерди, окуткан эжей-агайларыңарды, айылыңарды жакшы билебиз. Көпчүлүгүңөрдүн айылыңарга барганбыз. Жер-жерлерде жашоону жакшыртуу үчүн жаңы мектептер жана бала бакчалар, спорт залдары жана маданият үйлөрү курулуп жатат. Бул иштердин баары биздин өлкөнү дагы кубаттуу жана күчтүү кылуу үчүн жасалууда», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18