24.kg
15:25, 27 декабря 2018, 24.kg

«Ала-Тоо» кинотеатрынын жанындагы Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги алмаштырылат

«Ала-Тоо» кинотеатрынын жанында жайгашкан Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги алмаштырылат. Бул тууралуу «Сүймөнкул Чокморов» коомдук фондунан билдиришти. 

Photo 100214

СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин ачылышы 2017-жылдын 9-ноябрында болгон. 600 килограмм салмактагы скульптура Орусияда бир жыл убакыт аралыгында жасалган. Эстеликтин автору Алмаз Кожогулов. Ал 2006-жылы сынакты жеңип алган.

Бирок, кийинчерек коомчулук «көпчүлүк Сүймөнкул Чокморовду тааныган жок» деп эстеликти сынга алышкан. Аталган фонддун координатору Камбар Пушуровдун айтымында, окятбырдын башында көркөм кеңеш эстеликти алмаштыруу тууралуу чечим кабыл алган. Көркөм кеңештин курамында СССРдин эл артисти Болот Шамшиев, жазуучу Мар Байжиев, кинорежиссер Замир Эралиев жана башкалар бар.

Photo 100213

Андан кийин сынак жарыяланып, 20-октябрда биринчи туру өткөн. 20-декабрда сынактын 2-туру болуп, ага 18 катышуучу ат салышкан.
Кечээ, фонд 3-турду өткөрдү. Анда мыкты делген 5 иш тандалып алынды. Эскиздик варианттарды толугу менен иштеп чыгууга келерки жылдын 1-мартына чейин убакыт берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18