24.kg
10:16, 27 декабря 2018, 24.kg

Жогорку Кеңеште жаңы депутат. Өмүрбек Бакиров ант берди

Жогорку Кеӊеште КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Өмүрбек Бакиров ант берип өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

Ал жакында депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Музаффар Исаковдун ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Өмүрбек Бакировду депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишинде ири ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бакиров буга чейин «Ата-Журт» партиясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин депутаты болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18