24.kg
09:16, 27 декабря 2018, 24.kg

Ахматбек Келдибековдун кезектеги доосу «Апрель» телеканалы менен Атамбаевге

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибеков кезектеги доосу  менен сотко кайрылды. Бул жолу доого «Апрель» телеканалы менен анын негиздөөчүсү Алмазбек Атамбаев жыгылды.

Доочулардын катарында мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров менен УКМКнын мурунку башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев да бар. Бул тууралуу жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.

Айтымында, Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев Алмазбек Атамбаевден жана анын телеканалынан моралдык чыгымды өндүрүп алуу ниетин көздөшүүдө. Доонун суммасы 18 миллион сом. Мурунку аткаминерлерди Алмазбек Атамбаевдин канал аркылуу алардын дарегине айтылган сөздөрү нааразы кылган.

Белгилей кетсек, буга чейин Ахматбек Келдибеков Kyrgyztoday, «Aзия Ньюс» жана «Аргумент.kg» ЖМКлары менен соттошуп жатат деген маалымат тараган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18