Орусия дары-дармек үчүн апийим жана кара куурай өстүрөт
Орусия өкмөтү өлкө аймагында маңзат өсүмдүктөрүн өстүрүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алды. Документ санкция шартында импорттолгон наркотикалык дары-дармектердин ордун басууга багытталган. Бул тууралуу РБК Өнөр жай жана соода министрлигинин башчысы Денис Мантуровго шилтеме берүү менен билдирди.
Бирок бул өлкөдө алардын бирөө дагы толук мерчемде өндүрүлбөйт. Орусияда маңзат камтылган өсүмдүктөрдү өстүрүүгө тыюу салынган.
Саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова келишим түзүп иштеп келген 10 өлкөнүн тогузу Орусияга карата санкция киргизгенин маалымдаган.
Бирок алар дары-дармектердин экспортуна тыюу салган эмес. Ошентсе да Орусияда медициналык препараттардын импортун чектөөгө уруксат берген мыйзам долбоору каралган. Кийинчерээк бул норма кабыл алынган документке киргизилген эмес.
Мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө Орусия аймагында уктатуучу апийимдин сортторун өстүрүүгө жана апийимдин сабактарын кайра иштетүүгө уруксат берүү каралган. Эксперттерге өкмөттүн токтомун толуктап, өсүмдүктөрдүн акыркы тизмесин түзүү сунушталган. Учурда Орусияда өнөр жай үчүн гана кара куурай өстүрүүгө уруксат берилген.