Кыйноо колдонууга айыпталган майор Кыргызстандан Тажикстанга кайтарылды
Баткенде кармалган Согди облусунун Ички иштер башкармалыгынын мурдагы тергөөчүсү Тажикстанга экстрадицияланды. Кыйноо колдонууга айыпталган милициянын майору Шухрат Шамсиддинов өткөн жылдан бери Кыргызстан аймагында жашырынып жүргөн.
«Азаттыктын» тажик кызматынын өз булагы «Майор Шамсиддинов жакында Хожентке жеткирилди. Учурда ал № 2 тергөө абагында отурат», -деди. Мурдагы тергөөчү атайлап из жашырганы үчүн жазаланышы ыктымал.
Бул боюнча Согди облустук ички иштер башкармалыгынын эки тергөөчүсүнө жана Тажикстан УКМКсынын Ашт райондук бөлүмүнүн кызматкерине кылмыш иши козголгон. Жайында тергөөчүлөрдүн бири Латифжон Юлдошев 13 жылга, атайын кызматтын өкүлү Мухаммад Наимов 12 жылга эркинен ажыратылган. Хожент гарнизонунун аскер соту 19-июлда аларды кыйноо колдонуу, мыйзамсыз кармоо же камакта тутуу, жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлоо боюнча күнөөлүү деп тапкан.
31 жаштагы Комил Хожаназаров былтыр жайында өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын 15 мүчөсү менен чогуу кармалып, сурактан кийин кайра бошотулган. Бирок 28-августта Согди облустук ички иштер башкармалыгындагы экинчи жолку суракка бир күн калганда өз жанын кыйган.
Өлүм алдында жаздырып калтырып кеткен видеокайрылууда милиция кызматкерлери аны кыйноого алып, акча бергенден кийин гана бошотконун айткан.