24.kg
16:17, 26 декабря 2018, 24.kg

Парламентте мамлекеттик ЖМКларды жеке жактарга сатууну сунушташууда

Парламентте мамлекеттик ЖМКларды жеке жактарга сатууну сунушташууда. Бул тууралуу пленардык жыйында депутат Жанар Акаев билдирди.

Жогорку Кеңеште «Пирамида» телеканалана кошумча 6 миллион сом бөлүп берүүнү талкуулашты. Көпчүлүк депутаттар сунушту колдогон жок.

Жанар Акаевдин айтымында, «Пирамида» телеканалынын бюджетин анын кесиптештери акыркы каражатты берип жаткандай талкуулашууда. «Бул биздин ишти чагылдырган жападан жалгыз канал, а бизге ага акча берүүгө чамабыз жетпейт дейбиз», -деди ал.

«Мына аянтта жаңы жылдык балаты турат, ага 10 миллион сом коротулду. 2 жумадан кийин аны алып салышат. А бул жерде канал бир жылга каражат сурап жатат, биз болсо нааразы болобуз», -деди Жанар Акаев.

Ал кошумчалагандай, болочокто «Бешинчи канал», «Кабарды» кошкондо мамлекеттик баардык ЖМКны жеке жактарга сатуу керек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18