24.kg
09:00, 26 декабря 2018, 24.kg

Кыргызстандыктар каратэнин шотокан түрү боюнча мелдеште жеңишке жетишти

Ош шаарынын спортчулары каратэнин шотокан түрү боюнча Казакстандын кубогуна арналган ачык мелдештен байгелүү кайтышты. Бул тууралуу шаардык Каратэ федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдешке кыргызстандын атынан 10 спортчу катышты. Казакстандан, Кыргызстандан жана Өзбекстандан жалпы 300дөн ашуун спортчулар күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында Эмир Каныбеков 23 килограмм салмакка чейинкилер арасында 1-орунду, Максат Батырбеков 30 килограмм салмакка чейинкилер арасында 1-орунду, Самарбек Дөлөтбаев 75 килограмм салмакка чейинкилер арасында 1-орунду ээледи.

Ал эми Элхан Жалилов 11 жашка чейинкилер арасында 2-орунду, Арзыгүл Жалилова 13 жашка чейинкилер арасында 3-орунду, Арууке Каныбекова 11 жашка чейинкилер арасында 3-орунду алды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18