24.kg
11:18, 25 декабря 2018, 24.kg

Ысык-Көл районундагы жол кырсыктан 2 киши каза болуп, 4 киши жабыркады

Ысык-Көл районундагы жол кырсыктан улам 2 киши каза болуп, 4 киши жабыркады.Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык 24-декабрда саат 23:45 чамасында Балыкчы—Чолпон-Ата—Каракол унаа жолунун 60-чакырымында катталган. Анда «Хонда-Степ» жана «Мерседес-Бенц 210» үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши каза болуп, 2 эркек жана 2 аял ар кандай жаракаттарды алышкан.

ӨКМдин № 31 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгондорду жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18