24.kg
10:16, 25 декабря 2018, 24.kg

Балдарга карата зомбулук. Өкмөт жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады

Балдарга карата катаал мамиле кылуунун жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча чараларды күчтөндүрүү керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев балдарга карата зомбулуктун алдын алуу маселеси боюнча кеңешмеде билдирди.

«Биринчи кезекте үй-бүлө институтун чыңдоо жана өнүктүрүү , үй-бүлөлүк мамиледеги рухий салттардын сакталышы, ошондой эле балдардын укугун жана кызыкчылыктарын камсыздоо маселеси боюнча калктын маалыматын жогорулатуу боюна ишти жүргүзүү маанилүү. Алдын алуу иш-чараларын күчөтүп, орун алган фактыларга ыкчам жооп кайтаруу керек», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Айтымында, алгачкы кооптуу белгилер байкалганда эле токтоосуз тийиштүү кызматтарга билдирип, 111 ишеним телефонуна байланышса болот.

«Биздин эл дайыма жакындарына жылуу мамиле кылуусу, боорукердиги менен айырмаланып келген жана бүгүнкү түзүлгөн абал өзгөчө кооптонууну жаратат. Коңшу үйлөрдө орун алып жаткан чоңдордун балдарга карата зомбулугуна кош көңүл мамиле кылууга болбойт. Жалпыбыз биргеликте гана биз бул көрүнүшкө каршы туруп, балдарды ар-түрдүү кырсыктан сактай алабыз», — деди премьер-министр.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18