24.kg
09:37, 25 декабря 2018, 24.kg

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасына сөгүш жарыяланды

Өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Эске салсак, өткө жумада 24.kg агенттигине Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банктардан баардык кардарлардын маалыматын сураганы маалым болгон. Эксперттер, юристтер, банктар бирикмеси, Экономика министрлиги жана Улуттук банк бул талапты мыйзамсыз деп тапты. Жыйынтыгында Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы бир дагы банк кардарлардын маалыматын берген жок деп баарын мойнуна алышты.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18