24.kg
09:16, 25 декабря 2018, 24.kg

Төрөттү туура эмес кабыл алган дарыгер жоопкерчиликтен бошотулду

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак райондук соту райондук оорукананын төрөттү туура эмес кабыл алган дарыгерин жоопко тартылуудан бошотту.

Маалыматка караганда, 2016-жылдын ноябрында Октябрь айылындагы төрөт үйүнө 38 жумалык кош бойлуулук менен аял келип түшкөн.

«Наристе эненин ичинде туура эмес жайгашып калган, дарыгер аны кесарево жолу менен төрөтүш керек болчу. Бирок, ал аялга толгоону күчөтө турган укол сайган. Жыйынтыгында аялдан кан ага баштаган. Дарыгер билип турса дагы тез жардам чакыртып бейтапты Жалал-Абад облустук ооруканасына алып кетишкен. 2017-жылдын январында аял жана наристе каза болуп калган», -деп айтылат маалыматта.

Сотто дарыгер күнөөнү мойнуна алган жок. Айтымында, чындыгында тез жардам чакырышкан. Ал эми толгоону чакыра турган укол сайган эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18