24.kg
14:45, 24 декабря 2018, 24.kg

Бишкектеги кара түтүн. Дрондун жардамы менен байкоо жүргүзүшөт

Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Бишкектеги экологиялык абалга көп функцияналдуу учкучсуз учуучу аппараттардын (дрон) жардамы менен күн сайын байкоо жүргүзүп турууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечимди агенттиктин башчысы Абдыкалык Рустамов Бишкектин экологиялык абалын жакшыртуу боюнча чараларды көрүүгө арналган жыйында кабыл алды.

«Аталган агенттиктин кызматкерлери күн сайын дрондун жардамы менен борбордук көчөлөрдү, жаңы конуштарды байкоо жүргүзүп, мончо, сауна, мыйзамсыз унаа токтотуучу жайларды текшеришмекчи. Мындан сырткары жол тыгындарын, жол эрежелерин бузуу фактыларын, унаалардын дөңгөлөктөрүн жагуу, күйүүчү майларды жана тикмечиликке керектүү материалдардын калдыктарын өрттөө сыяктуу бир топ көйгөйлөргө көз салат», -деп билдиришти агенттиктен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18