24.kg
13:46, 24 декабря 2018, 24.kg

Кыргызстанда убаланма алтынды казууга мораторий киргизүү сунушталды

Кыргызстанда убаланма алтынды казууга мораторий киргизүү сунушталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйында эксперт Гамал Соронкулов билдирди. 

Photo 99557

Айтымында, убаланма алтынды казып алуу курчап турган айлана-чөйрөгө олуттуу зыян алып келет.

«2004-жылдан бери биз убаланма алтынды казып ала турган компанияларга каршы күрөш жүргүзүп келебиз. Эч ким анын пайда алып келе турганын тастыктай элек, жергиликтүү жана республикалык бюджетке канча киреше алып келе турганын эч ким билбейт. Бирок, убаланма алтынды казып алуу жаратылышка ири зыян алып келүүдө: суу нугунун өзгөрүшү, балыктардын кээ бир түрүнүн жок болуп кетиши, токойлордун кыскарышы жана башкалар», -деди Гамал Соронкулов.

Ал убаланма алтынды иштеп чыгууга мораторий киргизүүгө чакырат. Айтымында, Таласта компания 11 килограмм алтын алуу үчүн 600 гектардан ашуун токой аянтын иштетүүгө уруксат берген. Бирок, жергиликтүү тургандардын нааразылыгынан улам, иш токтотулган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18