24.kg
11:53, 24 декабря 2018, 24.kg

Өкмөт башчы 700 орундуу орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылындагы 700 орундуу орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, объекттеги курулуш иштери 2012-жылы башталган. Курулуш республикалык бюджеттен каржыланууда, мектептин сметалык баасы 154 млн сомду түзөт. Өкмөт башчы 80 пайызы аяктаган мектептин курулушунун жүрүшүн карап чыгып, аны өз убагында жана сапаттуу аяктоону тапшырды. 

Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинин кышкы бассейнинин абалын көрүп чыкты.

Ошончо мезгилден бери объект капиталдык оңдоодон өткөн эмес, чатырын жана бассейндин ичин, дубалын, терезелерин жана башка майда оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Учурда үстү жабык бассейн авариялык абалда турат. Бассейн аймактагы уникалдуу объект экенин жана спортту жайылтууда чоң роль ойной турганын, ошондой эле Кара-Балта шаардык жергиликтүү бюджетинин каражаттары чектелүү болгондугун эске алуу менен Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев олимпиадалык стандарттагы бассейнди калыбына келтирүү үчүн зарыл каражаттарды табууну тапшырды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18