24.kg
10:18, 24 декабря 2018, 24.kg

«Бишкекжылуулуктүйүнү» Бишкектин тургунунун кайрылуусун карап чыкты

«Бишкекжылуулуктүйүнү» ААКсы Тимирязев 10 дарегинде жашаган кардардын кайрылуусун карап чыкты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Адистер арыз ээсинин батирин жана жылуулук пунктун текшерип чыгышты. Аталган турак үйдүн жылуулук системасы иштеп жатат, баардык бөлмөлөрдө температура +20га жетти.

Үй комитетинин төрагасынын маалыматы боюнча, жылуулук боюнча тургундардын арызы жок.

Эске салсак, буга чейин бишкектик тургун үйүндө батареялар араң жылып жатканын айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18