24.kg
15:17, 21 декабря 2018, 24.kg

Президент конституциялык реформаны коюп, башка маселелерди чечүүгө чакырды

Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн азыркы Конституциялык мейкиндик деле жетиштүү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин 80-жылдыгына арналган жыйында билдирди.

Өлкө башчысы азыркы Конституциянын алкагында эле чечиле турган абдан актуалдуу маселелер жана мамлекетибиз үчүн керектүү реформалар бар экенин эскертти.

«Бул маселелерди тез арада чечүү керек. Ал эми Конституциялык өзгөртүүлөр бир топ убакытты талап кылат. Ыкчамдыкты талап кылган маанилүү иштердин мисалы катары төмөндөгүлөрдү белгилеп кетсек болот. Азыр өтө кечиктирилгис көйгөй катары мамлекетибиздин экономикасын көтөрүүнү, бизнеске жакшы шарт түзүп, түз инвестицияларды көбөйтүүнү атасам болот.

Ошол эле коррупция менен күрөшүү — конституциялык өзгөртүүлөрдү күтүп олтурбайт. Аймактарды өнүктүрүү, административдик-территориялык реформа — азыркы Конституциянын алкагындагы мыйзамдарга муктаж», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент конституциялык реформага кирип кетсек, жогорудагы реформалардын баары арткы планга өтүп кетерин белгиледи.

«Конституциялык кеӊешти чакырып, тийиштүү нормаларды өзгөртүп, аларды талкуулап, кабыл алуу үчүн бир жылга жакын убакыт коротобуз. Азыр бизде анчалык убакыт жок. Кийинки шайлоолорду даярдоого үлгүрбөй калабыз», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18