24.kg
10:04, 21 декабря 2018, 24.kg

Дүйнөлүк банк «Digital CASA» долбоорун ишке ашырууга 50 миллион доллар берет

Дүйнөлүк банк «Digital CASA» долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 50 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Бул тууралуу маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди.

Анын айтымында, аталган каражаттын 50 пайызы насыя жана 50 пайызы грант болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөт менен берилүүдө.

««Digital CASA» долбоору 2019-жылдан тарта ишке ашырыла баштайт, анын операторлору сынак аркылуу тандалып алынат. Кызыкдар операторлор бар, алар менен алдынала сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Долбоордун алкагында, санариптик маалыматтардын баары дата-борбордо сакталат. Ошондой эле, бул долбоор аркылуу элет жергесинин алыскы аймактары толугу менен сапаттуу жана ыкчам интернет менен камсыз болот», — деди Бакыт Шаршембиев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18