24.kg
17:55, 20 декабря 2018, 24.kg

Депутат: ММКФ кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сом, медиктердики 5-7 миң

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) кызматкерлери 35 миң сомдон айлык алышат. Медиктер 5-7 миң сомдон маяна алышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Аида Исмаилова айтып чыкты.
 
Анын берген маалыматына ылайык, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун чыгымдары жылдан жылга өсүүдө. Мисалы, 2018-жылга пландалган чыгымдар 170 миллион сом. Анын 80,8 миллиону кызматкерлердин айлык акысына коротулат. Эгерде бул сумманы кызматкерлердин санына бөлсө, анда айлык 35 миң сомдон чыгууда.
 

«Эмнеге мындай болууда? Фонддо ушундай айлык, ал эми дарыгерлер болбогон аз маяна алышат?!», -деди депутат.

Аталган фонддун башчысы Марат Калиев билдиргендей, 170 миллион сом бул медициналык жардамды үзгүлтүккө учуратпоону камсыздай турган техникалык запас. Ал эми административдик чыгымдар 130 миллион сомго жакын, анын көп бөлүгү маянага кетет.

Бирок, Аида Исмаилова ушундай сумма болгон күндө дагы фонддун кызматкерлеринин айлыгы медиктердикинен ашып түшөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18