24.kg
16:27, 20 декабря 2018, 24.kg

Президент: Коопсуздук органдары өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын ишенимдүү коргойт

Коопсуздук органдары мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыктарын ишенимдүү коргойт деп ишенем. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн Кыргызстан улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш чарада айтты. 

Photo 99153

Мамлекет башчысы алардын жумушу оор жана зор жоопкерчиликти талап кылаарын, мамлекеттин, коомдун жана өлкөнүн жарандарынын коопсуздугун камсыздоого багытталганын белгиледи.

Ошол эле мезгилде азыркы учурдагы дүйнөдө терроризм жана экстремизм коркунучтары курч болуп турганын эске салып, коопсуздук органдарынын кызматкерлерине коюлган талаптар катуу экенин белгиледи.

«Мындай оор шартта коопсуздук кызматтарына эселеген милдеттер, жүк артылып турат. Коркунучтарга бөгөт коюу, убагында каршы иш-аракеттерди жасоо зарыл. Биринчи кезекте, күч колдонуудан мурда түшүндүрүү иштерине, туура маалымат берүүгө басым жасоого тийишпиз. Кыраакылыкты жана террорго каршы иш-чараларды күчөтүп, тийиштүү күчтөр менен каражаттар ар дайым күжүрмөн даярдыкта болушу керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18